«Видеону жолдошуна жөнөткөн». 2 жаштагы кызын сабап, «ыйлаба, жетим» деген аялга кылмыш иши козголду

Буга чейин социалдык тармактарда баланы сабап жаткан аялдын видеосу тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден маалымат беришти.

27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Аталган маалымат Кадамжай РИИБдин Маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган.

2020-жылдын март айында Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну менен жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында кыздуу болушкан, 2023-жылдын январь айынын баш чендеринде экөө өз ара келише албай ортолорундагы келишпестиктен алар чогуу жашабай калышкан. Ошол себептен аял 5-январда өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча балага карата экспертизалар дайындалды. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.