«Видеону өчүрүүгө 380 миң сом сураган». Ошто өзүн блогер атаган аял кармалды

Ош шаарынын 1964-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган, ал арызында аял өзүн эркин журналист, блогер, активист деп тааныштырып, ТикТок баракчасынан ар кандай аброюна шек келтирген видеолорду жарыялап, аны өчүрүү үчүн 380 миң сом акча доолап жаткагын билдирген.

Аталган факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, алгачкы сурак иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада 2024-жылдын февраль жана март айларынан тартып ушул күнгө чейин ТикТок соцтармагында Назгүл деген ат менен катталган аял, өзүнүн кайын сиңдиси менен Ош шаарынын 1964-жылы туулган тургунунун кадыр-баркына жана аброюна шек келтирген видео кайрылууларды жана окуу борборлорунун биринин элдин арасында жамандаган видео тасмаларды жарыялап, эл арасында жайылтып, ал видео кайрылууларды өчүрүү үчүн 380 миң сом акча каражатын опуза талап кылып жүргөнү аныкталган.

12-апрель күнү кылмышка шектүү шаардагы кафелердин биринен 100 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, тергөөгө камсыздалды.