Виза алганга жардам берем деп 30 миң доллар алган… Алдамчылыкка шектүү кармалды

13-май күнү милицияга М.Ч. аттуу жаран арызы менен кайрылып, анда Ж.А. аттуу жаранга карата мыйзамдуу чара колдонуп берүүсүн суранган. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынан маалымдашты.

19-апрелде жабырлануучуну алдоо жолу менен ишеничине кирип, Бишкек шаарынын Жунушалиев көчөсүндө виза алганга жардам берем деген шылтоо менен 30 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алганы айтылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлеринин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз 0(502) 77-77-62 же 102 кыска номуруна чалыңыздар.