Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу көз жумду

Чүйдөгү Военно-Антоновка балдар үйүндө 1-июнда тарбиялануучу өлтүрүлдү. Жетекчи жоопко тартылган жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтымында, тарбиялануучу ошол эле балдар үйүнүн дагы бир тарбиялануучусу тарабынан сабалып, өлтүрүлгөн делип жатат.

«Адам өлтүрүүгө ошол эле балдар үйүнүн дагы бир тарбиялануучусу шектелүүдө, бирок учурда бул иш боюнча ким шектелип жатканы белгисиз. Кылмыштын ачык фактысына карабастан, мекеменин директору азырынча жоопко тартыла элек. «Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фонду күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазалансын дейбиз. 5-июнда Билим берүү министрлиги, Сокулук районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана президенттин администрациясы менен биргеликте Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы Военно-Антоновка балдар үйүндөгү балдардын жашоо шартына көз салышкан. Аталган мекеменин администрациясы бул факты боюнча эч нерсе айткан эмес», — деп айтылат маалыматта.