Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон Игорь Якуниндин бир тууган агасы Садыр Жапаровго кайрылды (видео)

Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон Игорь Якуниндин бир тууган агасы президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасады. Анда ал бир тууганынын өлүмү боюнча экспертиза тарабынан жакшы изилденбей калгандыгын айтып, президентке бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранды.

“Мен кандай экспертизалар дайындалганын таба албай жатам. Бул маселе боюнча мен балдарды коргоо бөлүмүнө кайрылдым, тилекке каршы алар мага жардам берүүдөн баш тартып коюшту. Урматтуу президент Садыр Жапаров, менин сизден башка кайрыла турган адамым жок. Экспертиза маселеси боюнча мага жардам берүүңүздү суранам”, — дейт Богдан Якунин.

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якунин 1-июнда көз жумган. Бул тууралуу биринчи болуп балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирген. Акыйкатчы институтунан маркум баланын ден соолугу чың болгону тууралуу маалымкаттар бар экенин маалымдашкан. Чүй ОИИББинен маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын айтышкан.