Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды

Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 6-класстын окуучусу каза болгондон кийин текшерүү башталды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, 1-июнь күнү Сокулук РИИБге Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 2008-жылы туулган Игорь Якунин саат 21:45 чамасында уктоочу бөлмөдө эсине келбей каза болгон боюнча билдирүү келип түшкөн. Райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо жөнөп кетишкен, ал жерде бала ооруканага жеткирилгени белгилүү болгон.

“Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө иштеринин алкагында, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн экспертизалар жүрүп жатат. Маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун изи табылган жок”, — деп билдиришти Чүй ОИИББинен. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.