Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн 15 жаштагы тарбиялануучусу зордукталды

Военно-Антоновка айылында жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

14-июнда Сокулук РИИБге 1983-жылы туулган жаран кайрылып, 2007-жылы туулган кызын зордуктаган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө жашы жете элек кыз көрсөтмө берип, ал 2014-жылдан бери Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө тарбияланып келгенин айткан. 14-июнь күнү саат 01:00дөр чамасында анын ата-энеси менен кошуна жашаган курбусу досу менен балдар үйүнө барган, кыз терезеден качып, жолуккан. Андан соң шектүү экөө жалгыз калганда, ал анын эркине каршы мас абалында зордуктаган. Кылмышка шектелип 1998-жылы туулган жаран кармалды. Тергөө уланууда.