Вознесеновка айылына туугандарыныкына барган 17 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды

«Вознесеновкада 17 жаштагы өспүрүм асынып каза болду» деген маалыматты Чүй ОИИБ тастыктады.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-майда болжол менен саат 01:07 чамасында Панфилов РИИБдин «102» кызматына Вознесеновка айылындагы сарайдан өспүрүмдүн асынган абалда табылганы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган. Факты такталып, каза болгон өспүрүмдүн аты-жөнү жана 2004-жылы туулгандыгы аныкталган.

Тергөө иштери башталып, учурда милиция өспүрүмдүн өлүмүнүн себебин аныктап жатат. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 17 жаштагы өспүрүм Кара-Балта шаарында 2001-жылы туулган агасы менен жашачу. Ал аталган айылга туугандарыныкына барган.