Якутияда кыргызстандык аял чет элдик жарандарды мыйзамсыз легалдаштырганы үчүн соттолду

Якутияда кыргызстандык аял чет элдик жарандарды мыйзамсыз легалдаштырганы үчүн соттолду. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары жазып чыгышты. Ал үч жылга шарттуу кесилген.

Алардын берген маалыматына караганда, Алдан районунун тургуну дагы ушундай эле мөөнөткө кесилген. Алар биргеликте Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарга мыйзамдаштыруу кызматын сунуштап келишкен.

«Бул адамдар акча алыш үчүн жасалма документтерди даярдашкан”,- деп айтылат билдирүүдө.

Якут шаардык соту күнөөлүүлөрдү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесине ылайык күнөөлүү деп тапкан. Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди.