Тышкы иштер министрлиги маалымат берип, 21-июлга караган түнү Орусиянын Саха Республикасынын (Якутия) Нерюнгрин районунда жол кырсыгы катталган. «Чыгыш Денисовская» шахтасынын кызматкерлерин ташыган автобус жардан кулап түшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болду, анын ичинде үч кыргызстандык бар.
Алар:
- 1981-жылы туулган М.У.М.,
- 1991-жылы туулган К.у.К.
- 2000-жылы туулган Э.А.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүп, анын ичинде сөөктөрдү мекенине жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.