Үч баланын апасы мурдагы жолдошу тарабынан бычакталып каза болгону маалымдалды

«Үч баланын апасы Рахима мурдагы жолдошунун көп сандаган бычак менен кол салуусунан каза болду“. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова соцтармактагы баракчасына жазды.

«Аны 18 жашында күчкө салып турмушка беришкен. Жолдошу ичип, кол көтөргөнү үчүн 22 жашында ажырашкан. Оор шартта жашачу. Биз ага жардам берип, үй куруп, үйдү тазалап жыйнаган ишин уюштурганбыз. Мурдагы жолдошу дайыма артынан түшүп жүрчү. Кечээ ал таап келип, бычак менен көп жолу кол салган, ал каза болду», — деп жазды укук коргоочу.

Милициядан азырынча жогорудагы окуя боюнча маалымат берише элек.