Үч баланын апасынын өлтүрүлүшү. Милиция маалымат берди

«Үч баланын апасы Рахима мурдагы жолдошунун көп сандаган бычак менен кол салуусунан каза болду“. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова соцтармактагы баракчасына жазган.

«Аны 18 жашында күчкө салып турмушка беришкен. Жолдошу ичип, кол көтөргөнү үчүн 22 жашында ажырашкан. Оор шартта жашачу. Биз ага жардам берип, үй куруп, үйдү тазалап жыйнаган ишин уюштурганбыз. Мурдагы жолдошу дайыма артынан түшүп жүрчү. Кечээ ал таап келип, бычак менен көп жолу кол салган, ал каза болду», — деп жазды укук коргоочу.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден шектүү кармалганын билдиришти.

«4-апрелде Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Кут жаңы конушунда жайгашкан жеке үйлөрдүн биринде, 1990-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө тобу окуя болгон жерге дароо жөнөп, жеринде окуя тастыкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 7-пунктунун 2-бөлүгүнө (адам өлтүрүү, өзгөчө мыкаачылык менен) ылайык кылмыш иши козголуп, 1991-жылы туулган жаран кармалган. Кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда»,— дешти.