Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы айдоочусу менен кошо камакка алынды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

18-декабрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын айрым кызмат адамдары жана Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан акчалай сыйлыктар үчүн жеке турак-жай курууга жер участокторун мамлекеттик менчиктен жеке колго өткөрүү боюнча коррупциялык схемага катышкандарды тинтүү жана камакка алуу иштери жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы, Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн 2 кызматкери, Үч-Коргон аайыл аймагынын жооптуу катчысы жана Үч-Коргон айыл аймагынын башчысынын айдоочусу менен кылмыштуу келишимге барышып, айрым жарандар менен алдын ала сүйлөшүп, жер тилкелерин мамлекеттин менчигинен чыгаруу боюнча туруктуу кылмыш схемасын түзүп, жеке адамдарга турак-жай куруу үчүн тиешелүү укук жана уруксат берүүчү документтерди мыйзамсыз даярдашкан.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган кызмат адамдары жана алардын шериктери жеке кызыкчылыгын көздөп, “Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү жөнүндө” токтом чыгарып, Кадамжай районунун Үч-Коргон а/а Боз айылындагы жалпы аянты 5,45 гектар жер тилкесин трансформация кылбастан турак-жай курулушунун Башкы планын бекитишкен, анда 9дан 15 сотыхка чейин 48 тилкеге бөлүп, жеке турак жай курууга тиешелүү укук белгилөөчү документтерди даярдап, алардын баасын 9 миңден 15 миң долларга чейин белгилешкен.