Үч милиция кызматкери кесиптешинин ок чыгарганын жашырууга шектелип кармалды

Үч милиция кызматкери кесиптешинин ок чыгарганын жашырууга шектелип кармалды. Алар Бишкек ШИИББинин Милициянын кайгуул кызматынын үч кызматкери жана өзгөчө оор кылмышты жашырууга жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

27-августта Бишкек шаарында Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилгени маалым.