«Үчөө тең мурда соттолгон». Кара-Сууда тапанча такап, унаа айдап качууга аракет кылгандар кармалды

Ош облусунун Кара-Суу шаарында курал менен каракчылык кылып жүргөн делип мурда соттолгон жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Бүгүн, 13-декабрь күнү саат 10:05 чамасында Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө куралдуу тоноочулук болуп жатканы боюнча маалымат түшкөн. Анда Дэу-Лассети үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткени белгилүү болгон. Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Савай айыл аймагына караштуу Савай айылынын 1982-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, саат 09:50 чамасында Кара-Суу шаарынын Навои көчөсүндө өзүнүн Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасында отурганда бейтааныш эки жаран колундагы тапанчалары менен көкүрөгүнө такашып унаасынан түшүрүп, унаасын айдап качууга аракет кылышкандыгын билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аты-жөнү такталбаган 20-25 жаштардагы адамдардын тобу тарабынан ок атуучу курал жарактарды мыйзамсыз сактап, алып жүрүшкөнү аныкталып, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп тергөө амалдары башталган. Анда мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана алып жүргөн атуулдар аныкталып, Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкери тарабынан кылмышка шектүү жарандар кармалды. Бири 32 жаштагы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургуну, адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча мурда эки жолу соттолгон. Экинчиси 48 жаштагы Ош шаарынын жашоочусу, мурда бир жолу диний-экстремизм боюнча соттолгон. Үчүнчүсү 46 жашта, Орусиянын Казань шаарынын жашоочусу мурда уурулук фактысы боюнча соттолгон. Бүгүнкү күндө, окуя болгон жерден алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, алар тарабынан жасалган кылмыштарды тактоо боюнча кечиктирилгис тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.