Ыдырыс Исаковго кол көтөрүү. Милиция ишти токтотту

Милиция журналист Ыдырыс Исаковго кол салган адамга карата козголгон кылмыш ишин кыскартты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыштын курамы жок болгондуктан иш кыскартылган.

  • 12-июнда саат 12:20 чамасында Ош шаарында жайгашкан «Ош» эс алуу борборунда ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Аталган окуя боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иши катталган. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, жогорудагы жерде эркин журналист 1984-жылы туулган Ыдырыс Исаков менен Ош шаарынын тургуну, 1964-жылы туулган Маматкерим Койчукуловдун ортосунда пикир келишпестик болуп, чыр пайда болгондугу такталган. Эркин журналист өз көрсөтмөсүндө жогорудагы дарек боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан учурда Маматкерим Койчукулов “Сенин уруксатсыз видеого тартканга укугуң барбы?” деп колу менен бетине уруп жибергендигин жана камерага асылып, камеранын микрофонун сындырып койгондугун билдирген. Ал эми Маматкерим Койчукулов өз көрсөтмөсүндө өзүн блогер катары тааныштырган Ыдырыс Исаков анын уруксаты жок видеого тарткандыгына байланыштуу ортодо пикир келишпестик пайда болгондугун билдирген.