Үй алып берүүнү убадалаган турак-жай кооперативдеринин биринин жетекчиси кармалды

Үй алып берүүнү убадалаган «S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Көпчүлүк жарандар бул кооператив тарабынан убадаланган үйгө жетпей, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Ош шаарынын аймагынан жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок аны аткарбастан, алдап жүргөнгө шектүү катары «S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси 1994-жылы туулган жаран 15-мартта кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күндө аталган кооперативдин үстүнөн 24 жабыркаган жарандын арызы бар. Алар өз арызында адегенде аталган кооперативге кирүү үчүн 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын ала турган үйүнүн кооператив тарабынан белгиленген сумманы төгүп турушкан. Жабырлануучуларга келтирилген сумма бүгүнкү күндө 40 миллион сомдон ашкан.

Бул кооператив алдамчылык менен алектенген “Финансылык пирамида” катары иш жүргүзгөнгө шектелип жатат. Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, үй алууга муктаж катары келген жана акча төккөн айрым гана жарандарга үй алып беришип, калган көпчүлүк акчасын төккөн жарандарга үй тийген эмес. Аталган окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, 210-беренесинде (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү күндө бул жана ушул сыяктуу турак-жай кооперативдеринен алданган жарандардын көп экендигин эске алуу менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жабырлануучу жарандардан башкармалыктын тергөө кызматына арыз менен кайрылууну суранат.