«Үй-бүлөӊө жөнөтүп, интернетке таратабыз». Ошто массаж жасаткан жигит милицияга кайрылды

Милиция тарабынан опузалап 50 миӊ сом акча талап кылууга шектүү эки жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Кылмышка шектелип, 1989-жылы Кара-Суу районунда туулган аял жана анын 1998-жылы туулган шериги кармалган. Экөө теӊ 27-апрелде убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча иш козголду. Шектүүлөр Ош шаарында убактылуу жашап турушкан.

Жабырлануучу тараптан берилген арызга караганда, 26-апрель күнү шектүүлөр өздөрүнүн таанышы болгон, менчик үйдө массаж жасоо менен алектенишкен 2000-жылы туулган эки кызга массаж жасатып жаткан жабырлануучуну мобилдик телефонуна видеого тартып алышкан. Тартылган видеону кайрадан жабырлануучуга көрсөтүп, «эгерде 50 миӊ сом алып келбесеӊ бул видеону сенин жакындарына, үй-бүлөӊө көрсөтүп, интернетке чыгарабыз» деп коркутушуп, анын жанындагы 25 миӊ сом акчасын, паспортун жана унаасынын техпаспортун алып коюшкан.

«Эртеси жабырлануучу акча таба албай койгон учурда, шектүүлөр андан унаасын ломбардга коюп, 50 миӊ сом акча таап берүүнү талап кыла башташкан. Жабырлануучу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазууга аргасыз болгон. Учурда тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча тереӊ иликтөө иштери жүрүп жатат. Бир топ тергөөнүн сырына байланыштуу айтылбаган жагдайлар бар. Болгон окуяны так аныктоо боюнча ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат. Массаж менен алектенген кыздардын чыныгы ишмердүүлүгү, шектүүлөр менен байланышы текшерилүүдө», — деп айтылат маалыматта.