Үй-бүлөлүк чыр учурунда күйөөсүн өлтүргөн аял пробациялык көзөмөлгө алынды

Кемин райондук соту күйөөсүн өлтүргөн аялга эки жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл койду. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Айыпталуучу күйөөсү менен урушуп, кордукка чыдабай, бастырманын артына өтүп, жыгач устун алып, аны менен күйөөсүн ургандыгы такталды. Андан кийин аял кишини байлап, оозуна уксус куйган. Сотто аял күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кылган ишине өкүнгөн. Анын айтымында, ошол күнү ал достору менен тойго барган. Тойдо анын тааныштарынын бири аны бетинен өөп учурашкан. Үйгө кайтып келгенден баштап, аялын уруша баштаган.

«Ошол учурдан тарта күйөөсүнүн үнү өзгөрүп, тамакты токтотуп, көп иче баштаган. Ага чейин эле ичкенде аялын сабап жүргөн. Аял ажырашууга аракет кылган, бирок күйөөсү каталарын кайталабоого убада берген. Дагы ичип алганда, аялын кызганып, кызынын классташын сабап салган»,— деп айтылат соттун өкүмүндө. 

Ошол күнү аны күйөөсү үйдөн короого алып чыгып, андан кийин мончого сүйрөп баргандыгын айткан, анткени ал жерден эч нерсе угулмак эмес. Айыпталуучу ал өзүн-өзү өлтүрүүнү бир нече жолу ойлоп, атүгүл аркан даярдап койгонун мойнуна алган.

«Күйөөсү жипти көрүп, анын эмне экендигин сураган. Айыпталуучу ага өз жанын кыюу ниети жөнүндө айтканда, эркек киши: «өлгүң келсе өл, мага мындай аялдын кереги жок» деген. Күйөөсүн өлтүргөн соң, аял алгач өз жанын кыюуну каалаган, бирок кийин ал оюнан кайтып, милицияга кайрылган», — деп айтылат өкүмдө.