Үй-бүлөлүк чырдан улам бычак шилтеп жиберип… Ысык-Көлдө уулун өлтүрүүгө шектелип атасы кармалды

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк чырдан улам атасы уулуна бычак шилтеп жиберип, ал ооруканага жетпей каза болду. Мындай факты тастыкталганын Ысык-Көл облустук милициясынан маалымдашты.

Кечээ, 23-мартта милицияга Түп районундагы ооруканадан Тасма айылынын 27 жаштагы тургуну бычактан жаракат алып түшкөнүн, бирок аны дарыгерлер карамакчы болгондо анын денеси муздап калганын аныкташканын билдиришкен. Милиция кызматкерлери күбөлөрдү сурап, ошол күнү үй-бүлөлүк чырда Тасма айылынын 63 жаштагы тургуну уулунун жамбаш жагына бир жолу бычак менен сайганы аныкталган. Жабырлануучу алган жаракатынан ооруканага жетпей жолдон үзүлгөн.

Кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды. Шектүү кармалып, камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.