Социалдык тармакта үй-бүлөсүнө карата сөгүнүп сүйлөгөн эркек кишинин видеосу тарады. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБге 1984-жылы туулган О.Ч. жана 1990-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандар жеткирилген. Алар менен келечекте мыйзам бузбоо боюнча алдын алуу маектери жүргүзүлдү.
Жаран О.Ч. карата Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча протокол түзүлүп, материалдар сотко жөнөтүлдү. Соттук отурум 10-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда өтөт. Соттун чечиминин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.