«Үй ээсин муунтуп». Баткенде түн ичинде 2 жаран сейфинде 1,5 миллон сому бар үйгө уурулукка киришкен

Каракчылык жасоого аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

3-август күнү таңкы саат 04:30 чамасында Баткен шаарынын 35 жаштагы тургундун үйүнө белгисиз эки жаран кирип, үйдүн бөлмөсүндө сакталып турган темирден жасалган сейфти ачууга жана ичинде сакталып турган 1 миллион 500 миң сом акчасын уурдаганга аракет жасап, темирден жасалган сейфтин эшигин ача албай, аны сыртка алып чыгып жаткан жеринен үйдө уктап жаткан жаран ойгонуп кеткен. Уурулук жасап жаткан жаран аны муунтканга аракет жасаган. Алы келбей калган соң, качып кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. 19-августта Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 43 жаштагы тургуну жана Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунун тургуну шектүү катарында кармалып, камакка алынды.