«Үй камагына чыккан дарыгер качып кетпейт деп ким кепилдик берет?» дейт тишин дарылатып чарчап калган кыздын чоң энеси

18-декабрда Бишкекте тишин дарылаткан 3 жашар кыз чарчап калган. Анын чоң энеси менен атасы акыйкаттык издеп коомчулукка кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

12-январда Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шектүү кармалган. Ал 1992-жылы туулган аял киши болгон. Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон. 31-январда чарчап калган кыздын чоң энеси СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылып, кармалган анестезиолог үй камагына чыкканын билдирип, акыйкаттык таппай жатканын айтып, митингге чыкканын билдирди.

Редакцияга маалыматты Бишкек шаардык сотунан тастыкташты. «Соттук коллегия сот актысын чыгарууда айыпталуучунун туруктуу жашаган жери бар экендигин, тагылган айып анча оор эмес кылмыш категориясына таандык экендигин эске алуу менен үй камагына чыгарылды»,- дешкен. 

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Соттогу маалымат жыйында Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динеев «үй камагына чыккан дарыгер качып кетпейби?» деген суроого жооп берди. Дал ушул суроону судьяга чарчап калган кыздын чоң энеси да берди. «Неберем каза болгондо келинимдин колуна таштап коюп качып кеткендер эми качып кетпейт деп кепилдик бересизби?» деди.

«Үй камагына чыкканда чектөөлөр болот. Шектүүгө саат 21:00дөн 08:00гө чейин сыртка чыгууга болбойт. Чүй, Бишкек шаарынын аймагынан чыга албайт. Чакырса тергөөгө барышы керек. Ишке тиешеси бар адамдар, күбөлөр менен байланышууга тыюу салынган. Чет мамлекетке чыга албайт. Паспорту тергөө органдарында», — деди судья.