«Үйдүн ачкычын килемченин алдынан тапчумун». Ошто 13 батирге ууруга кирген делген жаран кармалды

Ошто 13 батирге ууруга кирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, анын убактылуу жашаган үйүнөн жалпы 13 батирге таандык болгон буюмдар табылган.

Шектүү 1990-жылы туулган. Туруктуу жашаган жери — Алай району. Бирок Ош шаарына убактылуу келип-кетип жашап турган. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө маалым болгондой, шектүү уурулук иштерин жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү, үй ээлери эс алууга же айылга жөнөп кеткенде жасаган. Ал эми ачкычтарды ошол эле батирлердин айланасынан: жерге төшөлгөн килемченин алдынан, өрткө каршы атайын орнотулган жабдуулардын үстүнөн, ташка бастырылып коюлган жеринен алып, батирлерди ачып кирген.

«Шектүү Ош шаарындагы Масалиев көчөсүнүн 1991-жылы туулган тургундун үйүнө 30-июль күнү түнкүсүн уурулукка кирген. Ал үйдөн 55 миӊ сом накталай акча, баасы 35 миӊ сом болгон алтын сөйкө жана 65 миӊ сомдук кулону бар алтын чынжырчаны уурдап кеткен. Ачкычты подъездеги өрткө каршы жабдуулардын үстүнөн эле тапкан. Үй ээси ошол жерге эле коюп кеткендиги маалым болду. Шектүү 6-августта кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына киргизилди. Ош шаардык соту тарабынан тергөө амалдары учурунда, 2 ай абакта кармоо боюнча санкция берилди»,- деп айтылат маалыматта.