«Жол четиндеги үйгө аз калдык». Чүйдө катталган жол кырсыктын видеосу тарады

Бүгүн, 12-майда Петровка айылында катталды деген жол кырсыктын видеосу тарады.

Видеодогу жаран жол кырсык 3 унаанын катышуусунда болгону, жолдон чыгып кеткен унаанын жол жээгиндеги үйгө аз калганын айтат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышканыбызда маалымат берилерин убадалашты.