Үйгө бастырып кирип, тапанча такап… Каракчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

Милиция тарабынан каракчылык фактысына шектелген издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан маалымдашты.
2020-жылдын 14-ноябрында М.У. аттуу жаран белгисиз жарандарга карата чара көрүү арызы менен миицияга кайрылган. Т.Айтматов көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн бирине мыйзамсыз кирип, белгисиз тапанча менен коркутуп, уюлдук телефондорун ачык ээлеп алып кетишкен. Андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган факт райондук башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголду.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылы каракчылык боюнча 3 шериктеш дароо аныкталып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда өзүнчө козголгон кылмыш ишинин алкагында, ачылган издөө ишинин негизинде милиция кызматкерлери башкы уюштуруучу 1990-жылы туулган К.Т. аттуу жарандын изине түшүп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун соту тарабынан буга чейин сырттан тандалган баш каргоо чарасы Бишкек шаарынын 1-Тергөө камак жайына камакка алуу түрүндө колдонулган. Кылмыш иши иликтөө уланууда.