«Ыйлаба, жетим» деп кызын сабаган келин агасы менен атасынын өлүмүнөн кийин стрессте жүргөнүн айтты

Бүгүн, 30-январда социалдык тармактарда баланы сабап жаткан аялдын видеосу тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден маалымат беришип, кыздын апасы тарабынан сабалганын айтышты.

«Кактус» сайты кыздын апасы менен байланышканда, кызын стресс абалынан улам сабаганын айткан. Стресске анын атасы менен агасы каза болуп калганы себеп болгону маалымдалган. «Өткөн жылдын октябрь айында үйдө атам менен агамды атып, апамды сабап кетишкен. Ошондон улам абалым жаман. Дайыма башым ооруп, дарыланам. Ошол күнү жолдошум менен урушуп кеткенбиз. Ал атам менен агамды өлтүргөн кишинин атын айтып, туура эле кылганын айтты. Уруш учурунда бычак такаган. Мен ошондуктан ушундай абалда болуп калдым», — деген ал.

Ал кызы атасы менен жашайм десе каршы эместигин айткан. «Жолдошум акчалай жардам берген жок. Кийим да алып берчү эмес. Анын биринчи аялынан 4 баласы бар, кызымды кантип багат? Кызым азыр жакшы, мени менен», — деди ал.