«Ыйлабасын деп аракка мурч кошуп берип». Жалал-Абадда 2,5 жаштагы кызды өлтүргөн делген өгөй атасы 4,5 жылга соттолду

Сузакта 2,5 жаштагы кызды этиятсыздыктан өлтүргөн делген жаран 4,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Адилет” укук коргоо уюму билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 3 жыл мурда болгон. Кыздын өлүмүнө шектелип, апасы кармалып, 7,5 жылга соттолгон. Бирок бул ишке анын өгөй атасынын да катыштыгы бар экени маалымдалып, иш кайра каралган.

2019-жылдын март айында Сузак районунда 2,5 жаштагы кыз каза болгон. Ошол эле жылдын ноябрь айында райондук сот кыздын апасын өз кызын өлтүргөн деп айыптап, жети жарым жылга эркинен ажыраткан. 2020-жылдын январында өкүмдү аткаруу аялдын кош бойлуулугуна байланыштуу – жаңы төрөлгөн бала 14 жашка чыкканга чейин токтотулган.

2020-жылдын 23-июнунда Жалал-Абад облустук соту облустук прокуратуранын апелляциялык арызынын негизинде биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарган. Прокуратура өз билдирүүсүндө кыздын өгөй атасын өлтүрүүгө катыштыгы бар болушу мүмкүн экенин көрсөткөн жагдайларга көңүл бурган. Документте өгөй атасы кызы менен чогуу жашаганына абдан нааразы болуп, аны дайыма сабап турганы айтылат. Прокуратура ошондой эле кызга келтирилген жаракат телефондун кубаттагычынын зымынан болушу мүмкүн эместигин айтышкан. «Кыз ыйлабасын деп ага мурч кошулган арак ичиришкен. Өгөй атасын көргөн кыз коркконунан заарасын коё берчү» деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө. Мындан тышкары облустук прокуратура соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна шилтеме жасап, анда «Боордун айрылышы, колдорунун, тизелеринин жана белдериндеги көгала тактары, гематома жана туңгуюк нерсе менен урулган соккудан же дубалга урунуунун кесепетинен алган көгалалар, кулактары сыйрылган» деп бүтүм чыгарылган», — деп айтылат маалыматта. 

«Өлтүрүлгөн кызды өлүкканадан көргөн чоң атасы да зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөнүн айтат. Кыздын жакындары да сексуалдык мүнөздөгү жоруктар тууралуу айтып жатышат, ал тергөөнүн башында эле айтылып, бирок кийин бул маселе көтөрүлбөй калган. Кыздын апасынын жакындары аны жолдошу кыйнап эле, күнөөнү мойнуна алдырткан деп эсептешет. Сузак райондук соту аялды жети жарым жылга кести. Райондук сот ишти карап чыгып, буга чейин баланы этиятсыздыктан өлүмгө алып келген деп таап, төрт жарым жылга эркинен ажыратты», — деп айтылат маалыматта.