«Үйлөнөм деп зордуктап жүргөн». Жалал-Абадда төрөгөн 14 жаштагы кыздын иши тергөөгө кайтарылды

Буга чейин Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунан 14 жаштагы кыз зордукталып, уул төрөгөнүн, зордуктоого шектүү жазадан качып, үйлөнүүнү убадалап, чет өлкөгө качып кеткенин билдиришкен. 

Аталган укук коргоо уюмунан иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн билдиришти. «Жалал-Абад облустук соту укук коргоо уюмунун жашы жете элек кызды зордуктоо иши боюнча адвокаттарынын апелляциялык арызын канааттандырып, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу боюнча тергөөчүнүн чечимин негизсиз деп тапты. Сот отуруму 5-октябрда өтүп, анда облустук сот Сузак райондук сотунун тергөө судьясынын адвокаттардын арызын берүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу канааттандыруудан баш тарткан чечимин жокко чыгарды. Облустук сот кетирилген мыйзам бузууларды жоюу үчүн ишти Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө кайтарды», — деп айтылат маалыматта.

Кыздын апасынын айтымында, 2019-жылдын октябрь айында Сузак районунун 18 жаштагы тургуну 14 жаштагы кызды зордуктап салган. Кызды коркутуп, эч кимге айтпашы керектигин билдирип, болбосо, баарынын алдына уят кыларын айткан. Ал ошол окуядан кийин бир нече жолу кызды мектептен алып кетип, жыныстык катнашка барып жүргөн. Кыз болгон окуяны боюна бүткөн соң апасына айтып берүүгө туура келген. 2021-жылдын 11-октябрында эркек бала төрөлгөн. Үйлөнүү тууралуу чечим чыккан соң, кыз жана апасы милицияга берген көрсөтмөсүн өзгөртүшкөн. Аны эч ким зордуктабаганын, үйдө эч ким жок кезде, экөө жыныстык катнашка барганын жазып беришкен. 2021-жылдын август айында жигит чет өлкөгө окууга кеткен. Ал жактан жигит кыз менен байланышып, эч кандай үйлөнүү той болборун, ушундай жол менен убакыт создуктуруп жүргөнүн айткан.