Үйлөнүү тойдо унаадан белине чейин чыгып, асманга ок чыгарган жаран аныкталды (видео)

Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери той кортежинде асманга ок чыгарган жаранды кармады.

Социалдык тармактарда үлпөт той кортежинде бара жаткан унаалардын ичинен BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы терезесинен чыгып, асманга бир нече ирет ок чыгарып, жана авто бейбаштык жасагандар боюнча видео тасма тараган.

Бул видео Жалал-Абад облусунун аймагында болгондугу аныкталып, ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада 1996-жылы туулган жаран кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Сузак РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Ал эми унаанын айдоочусуна бейбаштык кылгандыгы үчүн 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.