Үйлөнүү тойго келип коноктордун уулануусу боюнча милиция кызматкерлери иш козгошту

Сокулук районунда жайгашкан кафелердин биринде тойдо коноктор ууланып, кылмыш иши козголгонун Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалым болгондой, 27-декабрда 37 жаштагы жергиликтүү тургун милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 24-декабрда кафелердин биринде үйлөнүү тою болуп, андан кийин коноктор тамактан ууланып, ооруканага түшүп калышкан.

Факты боюнча «санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен кылмыш иши ачылып,  Сокулук райондук санитардык-эпидемиологиялык борборуна кат жөнөтүлгөн. Ал эми Чүй ОИИББинен канча адам уулангандыгы жана кайсы тамак-аштан улам ууланып калышканы азырынча белгисиз экендигин маалым кылышты.