Үйлөрдүн чатырын учуруп… Ат-Башыда шамалдын ылдамдыгы секундуна 24 метрге жетти

Нарындын Ат-Башы районунда катуу шамал болду. Алдын ала маалыматта район аймагында түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24, Нарын жана Ак-Талаа райондорунун аймагында соккон шамалдын ылдамдыгы 18 метр секундага чейин жеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Кайрылуулар түшкөн аймактарда, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери Жарандык коргонуу комиссиялары менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүшүүдө. Табият кубулушунан Ат-Башы айылындагы райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын, 2 кабаттуу үйдүн, Кара-Суу айылындагы мектепти жылытуучу отканасынын, Дыйкан айылында 2 үйдүн, Калинин айылындагы мектептеги спорт залдын, Май-Булак тилкесинде 1 мечиттин жана 3 турак жайдын чатырларын учурган.
Шамалдан 4 адам жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген.