«Үйүӊө кызыл китеп жасатып берем» деп акча алып, бербей жүргөн шектүү кармалды

«Үйүңө кызыл китеп жасап берем» деп алдап акчасын алып, бербей качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милицияга Ош шаарынын 1972-жылы туулган тургун арыз менен кайрылган. Ал арызында андан 2021-жылдын май айында 1970-жылы туулган тургун үйүнө “кызыл китеп жасатып берем” деп, 300 доллар жана 5000 сом алып, убадасын аткарбай же алган документтерди, акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгүн билдирген. Анын арызынын негизинде  алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон.

Ош шаарынын аймагында жүргүзүлүп жаткан “Издөө” операциясынын жүрүшүндө 1970-жылдын туулган жаран Ош шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.