«Жер төлөсүндө колу-бутун скотч менен байлап кармаган». Сузакта 9 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү кармалды

Сузак районунда 9 жаштагы Сумаяны өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

18-ноябрда милицияга 1984-жылы туулган Сузак районунун тургуну ошол эле күнү саат 12:40 чамаларында кызы 2012-жылы туулган Сумая Хосилжанова үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган. 27-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында балык уулап жүргөн Сузак районунун тургуну Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барышкан жана суунун жээгинен 3-4 метр аралыкта жаткан болжолу 8-12 жаштагы кыз кишинин жансыз денеси үстүндө кийимдери жок абалда табылган. Окуя болгон жерде жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, оор жаракаттар жана дене мүчөлөрүнүн сынуусу байкалган эмес. Ошондой эле жансыз дене дайынсыз болуп изделип жаткан Сумая Хосилжанова экендиги аныкталган.

Алгач бул факты Сузак РИИБге табылган өлүк болуп катталган. Текшерүү, иликтөө иштеринин натыйжасында бул факты Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Кылмыш ишин жасоого шектелип 1973-жылы туулган Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кызды мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткендигин, аны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөсүндө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып салгандыгын жана анын кийим-кечектерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген. Учурда толугу менен тергөө, иликтөө амалдары амалдары жүрүүдө.

Аталган кылмышка шектүү жаран Сузак районундагы айылдардын биринде жашайт. Он жыл мурда үй-бүлөсү кетип калгандыгы жана ал үйүндө жалгыз жашап жүргөндүгү такталды. Тергөөнүн жүрүшү менен Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы аркылуу кошумча маалыматтар берилет.