Үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен аялдын жансыз денеси Ботаникалык бакчадан табылды

Кечээ, 19-октябрда саат 12:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына чалуу түшүп, Токомбаев көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бакчанын аймагында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымдалган. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Аталган жерге милиция кызматкерлери менен биргеликте соттук-медициналык эксперттер да барышкан. Кызматкерлер тарабынан кароо жүргүзүлүп, факты Октябрь РИИБге катталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында маркумдун күйөөсү суракка алынды. Ал ушул жылдын 16-октябрында аялы экөөнүн ортосунда кызганычтан чыр чыкканын айтып, бирок кийинчерээк элдешкенин айткан. 18-октябрда болжол менен саат 15:00дө белгисиз тарапка кеткен бойдон байланышка чыкпай жаткан. Жолдошу аны өз алдынча издей баштаган. Учурда тергөө иши жүрүп жатат.