«Үйүнүн кире беришиндеги устунга шарф менен асылып алган». Ошто 30 жаштагы келин өз жанын кыйды

Буга чейин Ош шаарында жаш келиндин асылган абалда табылгандыгы маалым болгон. Окуя боюнча Ош ШИИБ маалымат таратып, келиндин 3 баласы болгонун, анын шарфка асылып алганын маалымдады.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-октябрь күнү саат 15:30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шаар тургунунан кабар келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Туран кичи шаарчасындагы үйлөрдүн биринен 30 жаштагы келиндин жансыз денеси асылган абалда табылганын билдирген. Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн учурда, маркум Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну экени такталып, өзүнүн апасынын үйүнүн кире беришиндеги устунга шарф менен асынган абалда каза болгону аныкталган. Жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан тышкары анын 3 баласы бар экендиги такталды.

Факты боюнча Ош ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 137-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүү) менен катталып, иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Бул ишке маркум эмне себептен баргандыгы иликтенип, такталып жатат.