Ымыркайын ооруканага таштап, Түркияга качмакчы болгон келин. Ымыркай жандандыруу бөлүмүндө

Акыйкатчы институту укук коргоо органдарын аэропортто милиция кызматкерлери тарабынан кармалган келиндин  укуктарын сактоону камсыздоого чакырды.

Буга чейин кармалган аялдын апасы милиция кызматкерлери кызынын ымыркай баласы бар экенине карабай кармап кетип, анын укугун бузганы тууралуу ЖМКга билдирген. Милиция берген маалыматка таянсак, аял издөөдө жүргөн жана аны Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча кармашкан.

Акыйкатчынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кармалган келинге барышкан. «Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан баласы үчүн тынчсызданып жатканын айтты. Институттун кызматкерлери Бишкектеги аялдын баласы жаткырылган оорукананын жетекчилиги менен байланышты. Дарыгерлер берген маалыматка таянсак, баланын абалы оор, ал реанимация бөлүмүндө жатат. Акыйкатчы институту бала менен аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат. Институттун кызматкерлери келиндин ишин мониторинг кылууну улантат», — дешти.

“Кармалган аялдын жашы жете элек төрт баласы бар. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Сотту ушул жагдайларды эске алууга жана камак менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандап алууга чакырабыз”, — дейт Акыйкатчы институнун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова.