Ырчы Алихан акталды

Ырчы Алихан акталды. Бул тууралуу анын жактоочусу социалдык тармактагы баракчасында жазды.

«Октябрь райондук сотунда ырчы Роза Аманованын Токтогул шаарында жайгашкан базарга байланыштуу алдамчылык фактысы боюнча жазган арызы каралып, ырчы Алихан акталды. Бул иштин айынан Алихан алты айдан ашык СИЗОдо кармалып, үй камагында болчу. Акыйкаттык бар экен», — деп жазган ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалыматты Октябрь райондук сотунан тастыкташты. «Соттун 11-марттагы чечими менен акталды. Буга кылмыштын курамы жок болгону себеп болду. Ал эми айыпталуучу С.Б. (ред. ырчынын апасы) далилдердин жетишсиздиги үчүн акталып, мамлекеттин пайдасына 500 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынды», — дешти.