Ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылды. Анын 6 жаштагы кызы жабыркаганы айтылууда

Кечээ, 23-январда эртең менен Түп районунда ырчы Анжелика кыздары менен кошо кырсыкка кабылды. Аталган райондун ички иштер башкармалыгынан «Кактуска» билдиришкендей, жол кырсыгы Балбай айылында катталып, анда Караколдон Бишкекке бара жаткан ырчынын Lexus-570 унаасы жолдун тайгалак болгонунан улам трассадан чыгып кеткен.

Унаада 4 адам бар болгондугу маалымдалууда, кырсыктан Анжеликанын 6 жаштагы Айлин аттуу кызы жабыркап, эки буту сынган. Кырсыкка кабылгандар Түп районундагы ооруканага жеткирилип, ал жерде медициналык жардам алышкан. Бүгүн, 24-январда Бишкекке жолго чыгышкандыгы айтылат.

Ырчы социалдык тармактагы баракчасына «Аллахка чексиз мактоолор болсун. Доктурларга таазим. Баары шүгүр. Чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дубаларыңыздар кабыл болсун. Аманбыз» деген билдирүү жарыялаган.