Ырчы Бекжан Темирхан каза болгон жол кырсыгы тууралуу милиция маалымат берди (сүрөт)

Ырчы Бекжан Темирхан каза болгон жол кырсыгы тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине милициядан маалымат беришти.

Маалыматка караганда, кырсык 10-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Чолок-Боом унаа жолунун 9-чакырымында катталган. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жаткан. Унаада ырчыдан башка дагы бир 1997-жылы туулган жаран болгон.

Алдын ала маалымат боюнча катуу ылдамдыкта бара жатып, айдоочу унаанын рулуна ээ боло албай, жолдун оң жагындагы тосмону сүзүп, андан соң жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан ырчы каза болгон. Ал эми айдоочу Кемин районунун аймактык ооруканасына кайрылды.