Ыргал Кадыралиеванын үйүнүн чатырынын болжол менен 200 чарчы метри күйдү

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Үйдүн экс-депутат Ыргал Кадыралиеваныкы экени маалым болгон.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:37де Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылды. Болжол менен үйдүн чатырынын 200 чарчы метри күйгөн.