Үрөй учурган окуя: чет элдиктер кыргызстандыктан үч баланы сатып алып, аларды кыйнашкан

УКМК тарабынан 2024-жылдын сентябрь айында жашы жете электерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып чыгуу үчүн туруктуу каналды уюштуруу, Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси «Балдарды сатуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында А.А. аттуу Казак жараны жана анын кылмыштуу шериги Кыргыз жараны С.С. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Мындан улам, тергөөдө Казак жараны А.А. Израилдин жараны А.Б. менен өзүнчө акчалай жана башка мүлктүк компенсация алуу үчүн кылмыштуу кутумга кирип, Кыргыз жараны С.С.дан үч жашы жете элек баланы сатып алганын, андан кийин балдардын денесин алардын интимдик бөлүктөрүнө басым жасоо менен жылаңачтап, сүрөткө тартып, социалдык мессенджер аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үчүнчү жактарга жөнөтүү менен байланышкан адеп-ахлаксыз, уятсыз аракеттерди жасаганы аныкталган. Мындан тышкары, аталган кылмыштуу топ Д.К. аттуу Кыргыз жаранынын жашы жете элек эки баласына карата толук камкордукка алууга уруксат алып, аларга карата ушундай эле аракеттер жасалган. Чогултулган кылмыш ишинин материалдары кароо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Жогоруда аталган кылмыш ишин кароонун жыйынтыгы боюнча, 2026-жылдын 12-мартында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан айыпталуучулар күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен Казак жараны А.А.га карата 12 жылга жана Кыргыз жараны С.С.га карата 11 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жазасы дайындалган.
УКМК жашы жете электердин конституциялык укуктарын бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет жана жарандарды балдардын укуктарын кемсинтүүгө жол бербөө менен мыйзамдардын ченемдерин так сактоого чакырат.