Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты

19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жактоочусу Кантемир Турдалиев тастыктады.

Маалыматка караганда, чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Ал 14-декабрга чейин үй камагында болот.

Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.