Ырыс Жекшеналиевдин иши. Прокурор блогерди 6 жылга эркинен ажыратууну суранды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиев боюнча соттук отурум уланды. Сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү.

Отурумдун жүрүшүндө прокурор Ырыс Жекшеналиевди бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөө, массалык баш аламандыктар жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табууну өтүндү. Мамлекеттик айыптоочу белгилегендей, сот айыпталуучунун жашын жана анын мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын эске алышы керек. Прокурор Ырыс Жекшеналиевди колонияда өтөө үчүн алты жылга эркиндигинен ажыратууну суранды.

Өткөн жылдын август айында 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон болчу.