«Үстүнөн чатыр басып калган». Чүйдө 2 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгынын чоо-жайы

Бүгүн ӨКМ маалымат таратып, Чүйдө кафенин кароолчулары турган жерде өрт чыгып, 2 адам көз жумганын билдирди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуянын чоо-жайын айтышты.

14-декабрь күнү саат 07:20да Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө «Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын көчөлөрүнүн биринде үй өртөнүп жатат» деген маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Ысык-Ата РИИБге катталган. РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыккан учурда төмөнкүлөр аныкталган: өрт Новопокровка айылынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан будкада чыккан. Анда эки адам өрттөнүп кетип, үстүнөн чатыр басып калган. Сөөктөр табылган, эркек кишилер экени аныкталган.

Жогорудагы аталган адамдардын өлүмүнүн кесепетин аныктоо максатында экспертизалар дайындалып, күбөлөр толугу менен аныкталып суралып, иш мерчемдер жүргүзүлүүдө, жыйынтыгында юридикалык баа берилет.