Ысык-Ата жолунда өрт чыккан унаа. Милиция интернетте тараган маалыматты төгүндөдү

Кечээ, 7-июль күнү саат 21:30 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 102 кызматы аркылуу Аламүдүн районунун Горная Маевка айылында унаа өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Аламүдүн РИИБге каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган. Алдын ала териштирүү учурунда Таш-Мойнок айылынын Новая көчөсүнүн тургуну 1991-жылы туулган К.А. аттуу жаран өзүнүн Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Горная Маевка айылына бара жаткан учурда, кыймылдаткычтан от чыгып, унаа толугу менен өрттөнө баштаганда унаадан качып чыккан. Унаасынын артында бош, суу ташыган темир бочкалар бар болгону аныкталган, ал эми өрттүн кесепетинен жабыр тарткан жарандар болгон эмес.

Учурда бул факты боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тийштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы эскертет: Такталбаган жана коомчулуктун тынчын алган жалган маалыматтарды социалдык тармактарга таратпоого чакырат.