Ысык-Ата районунда 108 түп бак-дарак уруксатсыз кыйылган

Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылында 108 бак-дарак уруксатсыз кыйылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология министрлигинен билдиришти.

Бул мыйзам бузуу боюнча 147 миң 373 сом зыян келтирилген. Материалдар Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБге өткөрүп берилген.