Ысык-Ата районунда «Дөө Чыңгызды» жерге берүү зыйнаты болууда (фото)

Бүгүн, 1-августта «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду жерге берүү зыйнаты болууда. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Жумагуловду өзү туулуп-өскөн Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ичке-Суу айылына жерге беришет.

Эске салсак, Чыңгыз Жумагуловду 30-июль күнү камерада чогуу отурган адам мууздап өлтүргөнү маалымдалган. Ал жеке кастыгынан бул ишке барганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган.