Ысык-Ата РИИБдин башчысынын мурдагы орун басары менен тергөөчү киши өлтүрүү кылмыш иши боюнча кармалды

Ысык-Ата РИИБдин тергөө иштери боюнча жетекчисинин мурдагы орун басары жана тергөөчү киши өлтүрүү кылмыш иши боюнча кармалышты. Аталган фактыны СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБде киши өлтүрүү фактысы бир нече жыл мурун катталып, милиция кызматкерлерлери шектүү делген адам менен макулдашып, окуяны суицид катары каттап коюшкан. Тергөөчүлөр сөөккө экспертиза жүргүзүшкөндө, маркум киши колдуу болгондугу аныкталган.

«Окуяга шектелип Ысык-Ата РИИБдин тергөө боюнча башчысынын мурдагы орун басары менен тергөөчүсү кармалды. Буга чейин сөөккө экспертиза жүргүзгөн эксперт да кармалган», — деп билдирет басма сөз кызматы.