Ысык-Атада 15 жаштагы кызга нике кыйгандыгы үчүн айылдын имамы кармалды

Ысык-Ата РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Ивановка айылынын тургуну 2002-жылы туулган Н.Ш. аттуу жаран 2008-жылы туулган С.Н. аттуу өспүрүмгө үйлөнүп, алардын никесин 1971-жылы туулган Р.А. аттуу имам кыйгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.
Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда 1971-жылы туулган имам жана 2002-жылы туулган жаран аталган кылмыш ишине шектүү катарында кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.